Саясат
Чынгыз Ажибаев мандатын тапшырып жатат деген маалыматты четке какты

Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев мандатын тапшырып жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда эл өкүлү вице-спикер кызматынан кетип, депутаттык мандатын тапшырат деген маалымат тараган.
«Мен БШКга мандатты тапшыруу боюнча эч кандай арыз жазган жокмун», — деди Чынгыз Ажибаев.
Эске салсак, буга чейин бир катар эл өкүлдөрү — Эльдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов — депутаттык мандаттарын тапшырышкан.



