Окуялар
Ысык-Көлдө аял өзүн-өзү өрттөп, каза болду

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылында аял өзүн-өзү өрттөп, каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-февралда 2009-жылы туулган өспүрүм кыз 16 жумалык кош бойлуу экени тууралуу маалымат түшкөн.
«Өспүрүм менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Анын 1985-жылы туулган апасы кызы менен бирге милицияга келүүдөн баш тартып, кыздын кош бойлуу болгону үчүн уялып жатканын айткан.
Ошол эле күнү саат 21:00дөр чамасында аял дүкөнгө чыгам деп үйдөн чыгып, өзүнө бензин куюп, өзүн-өзү өрттөгөн. Аял ооруканага жеткирилген, бирок ошол жерде каза болгон», — деп айтылат маалыматта.


