Келдибеков: Маликов көчөсүндөгү ипотекалык батирлер жай айларында берилип баштайт

2026 — жылдын июнь, июль айларында Борбор калаадагы Маликов көчөсү, 91 дарегинде 1 миң 104 батирдин берилиши күтүлүүдө. Маалыматты Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ага чейин жылдын экинчи кварталында апрель, май айларына Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда батирлерди тапшыруу пландалган.

“Ушул жылдын башында эле Бишкектеги Маликов көчөсү, 91 дарегинде курулган ипотекалык батирлердин экинчи этабында 1 миң 80 батир берилди. Эми жакынкы батир тапшыруубуз Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда болот. Бул жылдын экинчи кварталына пландалгандыктан апрель, май айларына барып калышы мүмкүн.
Ал эми Бишкек шаары боюнча айтсам, жылдын экинчи кварталынын аягы үчүнчү кварталынын башында Маликов көчөсү 91 дарегинде экинчи этабынын экинчи фазасы берилет. Мында 1 миң 104 батир берилиши күтүлүүдө. Калгандары квартал менен жыл аягына чейин бөлүнүп, өлкө боюнча 20 миңдей батирди тапшырабыз деп турабыз”,- дейт Келдибеков.
Ошондой эле Келдибеков негизи батирлердин берилиши курулуштун жүрүшүнөн көз каранды экендигин кошумчалады.



