Саясат

ТИМ орун басары Кариб өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Кариб бассейни өлкөлөрүнүн лидерлери жана тышкы саясат ведомстволорунун башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу 26-27-февралда КАРИКОМ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын конференциясынын алкагында өттү.

Турсункулов Сент-Китс жана Невис мамлекетинин премьер-министри Терренс Дрю менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаровдун атынан аталган өлкөнүн КАРИКОМго төрагалыкты кабыл алышы жана юбилейлик 50-жыйындын Бассетерре шаарында өткөрүлүшү менен куттуктады.

Ал Кыргызстан менен Кариб бассейни өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, алдыдагы ири иш-чаралар — ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берди. Тараптар эки тараптуу форматта жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин ырасташты.

Сент-Китс жана Невистин лидери КАРИКОМ мамлекеттери менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы диалогду илгерлетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле К.Турсункулов Гренада жана Сент-Люсия мамлекеттеринин ТИМ башчылары менен өлкөлөр ортосундагы экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүү жана келишимдик-укуктук базаны бекемдөө маселелерин талкуулады.

Тектеш кабарлар

Back to top button