БШКнын курамын 12 мүчөдөн 7 мүчөгө чейин кыскартуу сунушталды

Жогорку Кеңешке БШКнын курамын 12 мүчөдөн 7 мүчөгө чейин кыскартууну караган конституциялык мыйзам долбоору киргизилди. Документ депутаттар тобу тарабынан даярдалган.
Долбоор 2025-жылдын 30-декабрындагы мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана бюрократиялык жүктү азайтуу максатындагы Президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Демилгечилер БШКнын мүчөлөрүнүн санын кыскартуу комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, чечим кабыл алууну ылдамдатып жана республикалык бюджеттин чыгымдарын кыскартат деп эсептешет.
Долбоорго ылайык, курамды түзүүнүн тартиби өзгөртүлөт:
— Борбордук шайлоо комиссиясынын үч мүчөсүн мамлекет башчысынын сунушу боюнча дайындоо сунушталууда;
— төрт мүчөсүн парламент өз демилгеси менен шайлайт.
Авторлор жаңы схема бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыздап, добуштар тең болуп калганда чечимдердин бөгөттөлүү коркунучун жокко чыгарат деп эсептешет.
Түшүндүрмө катта сунушталган өзгөртүүлөр эл аралык тажрыйбага негизделгени белгиленет. Анда шайлоо органдарынын натыйжалуулугу алардын мүчөлөрүнүн санынын көптүгүнө көз каранды эмес экени айтылат.
Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоору кошумча бюджеттик чыгымдарды талап кылбай турганы жана терс социалдык же укуктук кесепеттерге алып келбей турганы көрсөтүлгөн.



