Чубак ажынын жаркын элесине арналган Куран окуу боюнча республикалык сынак жарыяланды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы — белгилүү ислам аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган Куран окуу боюнча республикалык сынак өткөрүлөрүн жарыялады.
Сынактын максаты — жаштар арасында Куранды үйрөнүүнү жайылтуу жана диний билимге болгон кызыгууну арттыруу.
Мелдеш 2026-жылдын 1–2-апрелинде Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өтөт. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, катышуучулар үч номинация боюнча күч сынашат.
Катышуу үчүн төмөнкү талаптар коюлган:
Кыргызстандын жараны болуу;
-жашы 35 жашка чейинки болушу;
-эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү катыша албайт;
-каттоодон өткөндөн кийин катышуудан баш тартууга жол берилбейт;
-кечигип келген катышуучулар сынакка киргизилбейт.
Аймактык тандоо турлары 27-мартка чейин облустарда жана республикалык маанидеги шаарларда өткөрүлөт.
Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр финалда өз аймактарын көрсөтүшөт.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2-апрелде өтөт.



