Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси шашылыш кайрылуу жасады

Сауд Арабиясыдагы Кыргызстандын элчиси Улуттукбек Марипов Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын татаалдашына байланыштуу дипломатиялык өкүлчүлүк күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын билдирди.
Анын айтымында, президенттин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тапшырмасы менен падышалыкта жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугу тынымсыз көзөмөлдөнүүдө.
Социалдык тармактарга жарыяланган кайрылуусунда элчи элчилик Сауд Арабиясында окуп жаткан студенттер, ажылык зыяратчылар жана убактылуу жашап жаткан кыргызстандыктар менен түз байланышта экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, муфтият, Дин иштери боюнча улуттук агенттик, ошондой эле кыргыз диаспорасынын катышуусу менен ыкчам штабдык топтор түзүлүп, алар зыяратчыларга жардам көрсөтүүнү координациялап, алардын коопсуздугун көзөмөлдөп жатышат.
Марипов төмөнкүлөрдү белгиледи:
Сауд Арабиясынын аэропорттору салыштырмалуу туруктуу режимде иштеп жатат;
-ички авиация үзгүлтүксүз иштөөдө;
-айрым эл аралык авиакомпаниялар каттамдарын кыскарткан, бирок саудиялык авиакомпаниялардын учуулары график боюнча аткарылууда;
-коңшу Бахрейнде жүргөн жарандар менен да туруктуу байланыш орнотулган — ал жактан 35 адам кайрылган.
«Биз кырдаалды саат сайын көзөмөлдөп жатабыз. Эгер абал өзгөрүп, коркунучтар жаралса, жарандарга дароо маалымат берип, зарыл чараларды көрөбүз. Жараткан тынчтыкты сактап, эч жерде согуш болбосун», — деди элчи.



