Коом

Омандан учкан биринчи каттам Кыргызстанга 5-март күнү келет

Омандан учкан биринчи каттам Кыргызстанга 5-март күнү эртең менен келет, деп билдирди «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы.

Компаниянын маалыматына ылайык, учак саат 8:00дө конот. Бортто 180 жүргүнчү болушу күтүлүүдө. Каттамды «АэроНомад» авиакомпаниясы аткарат.

Басма сөз кызматы Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаалга байланыштуу күн ичинде учуу расписаниесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экенин белгиледи. Жүргүнчүлөргө учактын келүү убактысын алдын ала тактап алуу сунушталат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button