Коом
31-октябрдан 9-ноябрга чейин мектеп окуучулары күзгү каникулга чыгат

2022-2023-окуу жылынын базистик окуу планына ылайык, күзгү каникул 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрына чейин жети календардык күндү түзөт. Бирок «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө» жарлык боюнча, 7-8-ноябрь майрам күндөрү болуп эсептелет. Ошол себептен мектептерде окуу 9-ноябрда башталат», — деп маалымдайт Билим берүү министрлигин маалымат бөлүмү. Маалымат боюнча, окуучулар бир жумадан тышкары майрамга байланыштуу дагы эки күн эс алышмакчы.




