Маданият министрлиги порнографиялык сайттардын реестрин жүргүзүп жана аларга бөгөт коет

Кыргызстандын Министрлер кабинети порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контент камтылган сайттардын жана сайт баракчаларынын ишин токтотуу жана чектөө тартибин бекитти. Тиешелүү №154 токтомго 2026-жылдын 6-мартында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Документ «Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контент камтылган сайттарга жетүүнү тыюу салуу жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Токтомго ылайык, бекитилген тартип өлкө аймагында мындай контентти жайылткан интернет-ресурстарды аныктоо жана бөгөт коюу механизмин аныктайт.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Эми бул ведомство порнографиялык контенти бар бөгөттөлгөн сайттардын реестрин жүргүзүп, мыйзам талаптарын бузган интернет-ресурстардын ишин токтотуу же чектөө боюнча чечим кабыл алат.
Мыйзам маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана жарандарды, анын ичинде жашы жете электерди, тыюу салынган контенттен коргоого, ошондой эле интернеттеги коомдук адеп-ахлак нормаларын сактоого багытталган.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.



