Коом
Кыргызстанда мал арасында шарп ылаңынын массалык жайылышы катталган жок

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдады.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев көптөгөн фермерлер малы шарп оорусуна чалдыкканын айтып жатышканын билдирген. Ал аткаминерлер бул маалыматты элден жашырып коюшу мүмкүн экенин белгилеген. Бирок Айыл чарба министрлиги кырдаал туруктуу экенин маалымдады. Ведомствонун айтымында, ооруга иммунитети алсыз уйлар чалдыккан, аларга дарылоо жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, шарп жуктурган учурлар катталып, мал дарыланган. Бирок ылаң массалык жайылган жок.



