Минкаб мектептердин жанында зыяндуу тамак-аштарды сатууга тыюу салды

Кыргызстандын Министрлер кабинети коомдук саламаттык сактоо тармагындагы айрым актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
№147 токтомуна ылайык, жалпы билим берүүчү мекемелердин аймагынан 100 метр радиуста зыяндуу тамак-аш азыктарын саткан соода түйүндөрүн жайгаштырууга тыюу салынат.
Ошондой эле шаарларда имараттар жыш жайгашкан жана жер тартыш болгон шартта 4 кабаттуу мектептерди курууга уруксат берилет.
Төртүнчү кабатта кызматтык жана эс алуу жайлары, ошондой эле окуучулар менен иштөө үчүн кошумча бөлмөлөр (психолог, логопед жана социалдык педагогдун кабинети) жайгаштырылат.
Эгерде мектеп ыңгайлаштырылган имаратта жайгашса, анда милдеттүү түрдө төмөнкү бөлмөлөр болушу керек:
- окуу класстары;
ашкана; - медициналык кабинет;
- эс алуу зоналары;
- административдик жана чарбалык бөлмөлөр;
- даараткана жана гардероб.
Мындан тышкары, санитардык талаптар сакталган шартта жертөлө (подвал) бөлмөлөрүн ашкана, китепкана, спорттук, бий жана акт залдары катары пайдаланууга уруксат берилет. Бул учурда табигый жана жасалма жарыктандыруу, абанын температурасы жана вентиляция талаптары толук сакталууга тийиш.
Ошондой эле бул жайларда коопсуз эвакуация жолдору камсыздалып, өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалда адамдарды чыгаруу эрежелери аткарылышы керек.
Спорт залдарында уландар жана кыздар үчүн өзүнчө кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана даараткана уюштуруу сунушталат. Эгерде имараттын шарттары мүмкүнчүлүк берсе, душ кабиналары да орнотулат. Өзүнүн спорт залы жок мектептер жакын жайгашкан спорт объектилерин колдоно алышат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин — 26-мартта күчүнө кирет.



