Саясат

ЖКда Алиев менен Карыбек уулу кайра кайым айтышты

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Медербек Алиев менен Улукбек Карыбек уулу ортосунда катуу талаш жаралды. Ага баңгизаттарга каршы күрөш боюнча мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөр себеп болду.

Медербек Алиев бир катар мыйзамдардагы «баңгизат каражаттары» деген түшүнүктү кеңейтүүнү сунуштап, ага «психотроптук заттар, күчтүү таасир этүүчү каражаттар, алардын аналогдору жана прекурсорлор» деген терминдерди кошууну сунуштады. Өзгөртүүлөр Жарандык процессуалдык кодекске, Балдар жөнүндө кодекске жана «Жарнама жөнүндө» мыйзамга тиешелүү.

Бирок Улукбек Карыбек уулу мыйзам долбоорун катуу сынга алды. Анын айтымында, негиздеме-маалымкатта Үй-бүлө кодексине жана Жазык-аткаруу кодексине да өзгөртүүлөр киргизилет деп көрсөтүлгөн, бирок бул өзгөртүүлөр мыйзам долбоорунун текстинде жок.

Улукбек Карыбек уулу баңгизаттарга каршы күрөшүү идеясын колдой турганын белгилеп, бирок юридикалык так эместиктерден улам парламенттин жалпы жыйынында «өзгөчө пикир» билдирерин белгиледи.

Медербек Алиев документтерде «техникалык мүнөздөгү айрым кемчиликтер» бар экенин мойнуна алды. Ал эми Жогорку Кеңеш аппаратынын өкүлдөрү негиздеме-маалымкаттагы мындай кемчиликтер мыйзам долбоорун кароого же кабыл алууга юридикалык тоскоолдук жаратпай турганын билдиришти.

Талкуу бара-бара узак кайым айтышка айланып, Улукбек Карыбек уулу кесиптешин манипуляция жасоого айыптаса, Медербек Алиев аны популизмге айыптады.

Белгилей кетсек, бул эки депутаттын ортосундагы биринчи конфликт эмес. Өткөн аптада төрага Марлен Маматалиев расмий түрдө эки парламентарийди элдештирген эле.

Тектеш кабарлар

Back to top button