Коом

2025-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сот иштери 24 пайызга өстү

Бул тууралуу Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова билдирди.

Жогорку соттон билдиргендей, ал өлкөдөгү гендердик саясат жана сот адилеттүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө Бакирова үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдөгү статистикалык маалыматтарга токтолду.

«2025-жылы Кыргызстандын сотторунда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 1196 иш каралган. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 24 пайызга көп«, – деген ал өсүштү зомбулукту аныктоо деңгээлинин жогорулашы жана жарандардын сот тутумуна болгон ишениминин артышы менен байланыштырды.

«Аялдар менен кыздардын сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу – Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыгы бойдон калат. Биз мыйзамдарды өркүндөтүү жана аялдардын экономикалык көз карандысыздыгын колдоо багытында ишти улантабыз», – деп белгиледи Н. Бакирова.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган Кыргызстандын делегациясы катышып жаткан аталган эл аралык форум 19-мартка чейин уланат. Ага дүйнөнүн 107 мамлекетинен өкүлдөр чогулуп, аялдардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулашууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button