Жылдыз Шеримбекова ЖК аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.
Жылдыз Шеримбекова 2012-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин «Эл аралык мамилелер» адистигин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында иштөөдөн баштаган.
2015-2018-жылдары КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы, 2018-2022-жылдары Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматтык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Ошондой эле 2022-2024-жылдары Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кеңешчиси, 2024-жылдан тартып президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти болуп иштеп келген.
Эске салсак, буга чейин 18-февралда Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал Жогорку Кеңештин төрагасынын санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болду.



