Саясат

Президент: Коррупцияга каршы күрөштө эч кимди аябайм, ал менин өз бир тууганым болсо да

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш мындан ары да катуу уланарын билдирди.

Президенттин айтымында, мыйзам бузгандарга карата эч кимге жеңилдик болбойт, ал тургай жакын туугандары болсо да.

«Коррупцияга каршы күрөштө эч кимди аябайм. Эгер ал менин өз бир тууганым болсо да, аябайм. Бирок менин бир туугандарым да, балдарым да мамлекеттик кызматта иштебейт, ошондуктан жан дүйнөм тынч», — деди Садыр Жапаров.

Ал коррупциянын коомго тийгизген зыяны абдан чоң экенин белгиледи.

«Коррупционер адам өлтүргөндөн да коркунучтуу. Адам өлтүргөн киши бир адамды өлтүрөт, ал эми коррупционер бүтүндөй мамлекетти кыйратат», — деп айтты президент.

Мамлекет башчысы депутаттарды да коррупцияга каршы күрөштө активдүү болууга чакырды. Эгер бийликте мыйзам бузуу же уурулук көрүнсө, аны парламенттин трибунасынан ачык айтууну суранды.

Президент ошондой эле депутаттарды коркпой айтууга чакырып, мындай учурларда алардын жанында болуп, коргой турганын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button