«Буффет» ашканасында даярдалган тамактардан уулгандардын саны 20 га жетти

Массалык тамак-аштан уулануунун кесепетинен Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 20 адам кайрылды. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гулжигит Аалиев билдирди.
Анын айтымында, 19 адам ооруканага жаткырылган, дагы бир бейтап амбулатордук дарыланууда.
«Жабыркагандардын абалы орто оор. 34 жаштагы бир бейтап оор абалда реанимация бөлүмүнө түшкөн. Анын абалы бир аз жакшырды, кароодон кийин аны палатага которуу маселесин чечебиз», — деди Гулжигит Аалиев.
Учурда бардык жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.
Буга чейин ооругандар Байтик Баатыр көчөсү, 18 дарегинде жайгашкан «Буффет» ашканасында даярдалган тамактарды жегени маалымдалган. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери объектте пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, лабораториялык изилдөө үчүн продукциялардан үлгү алышты.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, 23 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле 11-марттан тартып ашкананын ишин убактылуу токтотуу тууралуу көрсөтмө берилген.



