Коом

Мүлк сатып алууда накталай эсептешүүгө тыюу салынат. Өкмөттүн мыйзам долбоору

Кыргызстанда акча эсептешүүлөрдүн көлөмү 100 миң сомдон ашкандан кийин накталай эмес эсептешүүгө милдеттүү түрдө өтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды.

Аталган демилгени министрлер кабинети көтөрүп, парламентте биринчи окууда каралды.

Баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова мыйзам долбоор өтсө 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирерин билдирди. Ага ылайык, кыймылсыз мүлктү сатууда жана сатып алууда накталай эмес эсептешүү талаптарын аткарбаса нотариалдык кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат.

Накталай эмес эсептешүү жүргүзүүгө милдеттүү тараптар жана шарттары:

юридикалык жактар төлөмдөрдүн суммасына карабастан накталай эмес эсептешүү жүргүзүшү керек;

юридикалык жактар менен жеке ишкерлер ортосунда, ошондой эле жеке ишкерлер ортосунда бир төлөм 100 миң сомдон ашса;

юридикалык/жеке ишкерлер менен жарандардын (жеке жактардын) ортосунда бир төлөм 100 миң сомдон ашса.

Аталган мыйзам долбоору көбүнчө ишкерлерге тийиштүү болору белгиленди. Максаты — каражатты көмүскөдөн чыгарып, салык алына турган базаны кеңейтүү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button