Коом

Орозо айт намазы мечиттерде окулат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт намазынын программасын жарыялады.

Ага ылайык, 20-март Орозо айт күнү деп белгиленгендиктен, Айт намазы мечиттерде төмөнкүдөй программанын негизинде өткөрүлөт:

  • 07:30 – 08:00 – Куран окуу;
  • 08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
  • 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
  • 08:30 – Айт намазын окуу.

Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button