Коом

Сокулук – Белогорка унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Чүй облусундагы Сокулук – Белогорка унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл аталган жолдун 3 чакырымына 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Учурда эки чакырымдан ашык аралыкка асфальт жаткырылды.

Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №1 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button