Пайдалуу кеңештер

Эс тутумду бекемдөөчү пайдалуу азыктар

Невролог, дарыгер-эксперт Кирилл Алмазов эс тутумду бекемдөөгө пайдалуу азыктарды атады. Ал бул тууралуу Lenta.ru басылмасына берген маегинде айтып берген.

Неврологдун айтымында, эс тутумдун начарлашынын негизги жана эң кеңири себеби — организмдеги темирдин жетишсиздиги. Ошондуктан бул микроэлементке бай азыктарды үзгүлтүксүз колдонуу абдан маанилүү.

«Организмдеги темир эки түргө бөлүнөт: гем темири (оңой сиңет) жана гем эмес темир. Биринчиси көп өлчөмдө сулп этте, уйдун боорунда болот. Экинчиси жаңгактарда, буурчак өсүмдүктөрүндө, шпинатта жана гречкада кездешет», — деп түшүндүрдү дарыгер.

Эс тутумду жакшыртуу үчүн ал нерв импульстарынын берилишине катышкан май кислоталарына бай азыктарды да жегенди сунуштады. Аларга лосось, скумбрия, зыгыр майы, зайтун майы жана грек жаңгагы кирет.

Мындан тышкары, дарыгер рационго В тобундагы витаминдерди, холинди, фолаттарды, магнийди жана цинкти камтыган азыктарды кошууну сунуштады. Бул пайдалуу заттарды жумуртка, жашыл жашылчалар, буурчак өсүмдүктөрү, дан азыктары жана ашкабактын уругу аркылуу алууга болот.

Алмазов кошумчалагандай, мээнин иштеши үчүн антиоксиданттар да пайдалуу. Алар кычкылдануу процесстерин жайлатып, нерв клеткаларынын калыбына келишин тездетет. Антиоксиданттар көп болгон азыктарга мөмөлөр, какао жана жашыл чай кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button