Коом

Ошто 1,3 млн сомдон ашык алимент карызы өндүрүлдү

Ош шаарында ири өлчөмдөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан маалымдады.

Маалыматка ылайык, сот аткаруучулардын өндүрүшүндө карызкор Ж.А.А.дан өндүрүп алуучу М.Д.З.нын пайдасына алимент өндүрүү боюнча аткаруу баракчасы болгон. Карыз 2013-жылдын 15-мартынан тартып 2026-жылдын 1-апрелине чейинки мезгил үчүн эсептелген.

Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 1 млн 304 миң 267 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз толугу менен өндүрүлүп, өндүрүп алуучуга өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button