Окуялар
Чолпон-Атадагы УКМКнын башчысы кармалды

Чолпон-Атадагы УКМКнын башчысы кармалганы маалым болду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, кечээ, 17-мартта, Аскер прокуратурасынын кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча шектелип, Чолпон-Атадагы УКМКнын башчысы Б. А. кармалган.
Аны Бишкек шаардык УКМК башкармалыгынын мурдагы башчысы Эльдар Жакыпбековдун командасы менен байланыштырышууда.



