Коом

Парламент Улуттук банктын жаңы жетекчисин дайындоого бир добуштан макулдук берди

Жогорку Кеңештин депутаттары 18-мартта мурдагы каржы министри Алмаз Бакетаевди Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна дайындоого макулдук беришти.

Анын талапкерлигин парламентте президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Бектур Зулпиев сунуштады.

Спикер Марлен Маматалиев депутаттардан суроолор бар-жогун сурады. Суроолор болгон жок.

Жыйынтыгында жашыруун электрондук добуш берүүдө парламент Бакетаевдин талапкерлигин колдоду: 73 депутат «макул» деп добуш берди, «каршы» добуш бергендер болгон жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button