Коом

Казакстанда 15 жылдан бери мал багып жүргөн кыргызстандык жубайлар мекенине кайтарылды

Алар дайынсыз болгондуктан туугандарына “каза болушту” деген жаңылыш кабар да жеткен. Алматыдагы башкы консул Назарали Арипов түгөйлөр кулчулукта болбогонун белгиледи. 

“Ысык-Көлдүн тургундары экен. 2009-жылы СССРдин паспорту менен келип, андан ары документтери туура болбой калып кетишкен. Кулчулукта болгон эмес. Мал бактырган киши  айлыгын азыраак, 100 доллардай эле берип жүрүптүр да. Жубайлардын бул жакта 20дай эчкиси, тоок, үндүктөрү бар экен”, — деди Арипов. 

Консул документтерин даярдап берип, жубайларды кечээ Кыргызстанга жөнөтүшкөнүн белгиледи. Аталган үй-бүлө Кыргызстанга чектеш Кордай шаарында мал карап жүргөн. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button