Эгемендүүлүк күнүнө даярдык: Быйыл мамлекеттик маанидеги негизги иш-чаралар Таласта белгиленет

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында өлкөнүн көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын майрамдоого даярдык боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, быйыл мамлекеттик маанидеги негизги иш-чаралар Талас облусунда өтөт.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, республиканын башкы майрамын аймактарда өткөрүү буга чейин эле салтка айланган. Анын айтымында, алдыдагы майрам мурдагы жылдарга салыштырмалуу дагы масштабдуу, көркөмдүү жана мазмундуу болушу керек.
Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан туруктуу өнүгүү баскычында экенин, реформаларды жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатканын баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө майрамга карата жаңы объектилерди ачуу пландары, ошондой эле концерттик программанын концепциясы сунушталды.
Жыйындын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мекемелерге иш-чараларды жогорку уюштуруу деңгээлинде өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырмасын берди.



