Саясат

Япония Кыргызстанга заманбап көпүрө куруу үчүн 3,1 млрд йен берет

Президент Садыр Жапаров Бишкек – Ош унаа жолундагы Нарын дарыясына жаңы көпүрө куруу боюнча Япония менен түзүлгөн гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Доументке ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда (трассанын 315-чакырымында) узундугу 210 метр болгон заманбап көпүрө курулат.

Жаңы көпүрө 1964-жылы курулуп, учурда жүк көтөрүү жөндөмүн жоготкон эски көпүрөнүн ордуна салынмакчы.

Аталган долбоор жолдогу убакытты кыскартып, Бишкек – Ош трассасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Ошондой эле Транскаспий эл аралык маршруту менен байланышты чыңдап, Борбор Азиядагы соода-экономикалык интеграцияга өбөлгө түзөт.

Каржылоо булактары:

  • Япония өкмөтү (JICA): 3 млрд 190 млн япон йени өлчөмүндө грант бөлүп берет.
  • Республикалык бюджеттен кошо каржылоо иретинде болжол менен 9,9 млн сом бөлүнөт.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button