Дүйнө

Улуу Британия кирүү визаларынын дээрлик бардык түрлөрүнүн баасын жогорулатат

Улуу Британиянын өкмөтү дээрлик бардык категориядагы кирүү визаларынын баасын олуттуу түрдө жогорулатуу тууралуу жарыялады. Бул өзгөрүүлөр туристтик, студенттик жана транзиттик визаларды да камтыйт. Жаңы тарифтер Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланып, 8-апрелден тартып күчүнө кирет.

Жаңыланган бааларга ылайык, 6 айга чейинки кыска мөөнөттүү туристтик виза 127 фунттан 135 фунт стерлингге чейин кымбаттайт.

Узак мөөнөттүү визалар да жогорулайт:
2 жылдык виза — 506 фунт стерлинг
5 жылдык виза — 903 фунт стерлинг
10 жылдык виза — 1128 фунт стерлинг.

Баалардын өсүшү Британияга окууга же дарыланууга барууну пландагандарга да таасир этет.

Студенттик виза 558 фунт стерлингге чейин көтөрүлөт, ал эми жеке медициналык дарылануу визасы 234 фунт стерлинг болот.

Өзгөрүүлөр транзиттик жүргүнчүлөрдү да камтыйт: аэропорттук транзиттик виза үчүн төлөм 74,5 фунт стерлингге чейин өсөт.

Визасыз режимдеги өлкөлөрдүн жарандары үчүн электрондук кирүү уруксатынын (ETA) баасы 16 фунттан 20 фунт стерлингге чейин жогорулайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button