Коом

Бишкек шаарынын прокуратурасы жаш өспүрүмдөрдүн кызыкчылыктарын коргоодо  алгылыктуу иштерди аткарууда

Бул тууралуу Бишкек шаарынын прокуратурасынын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мыйзамда каралган укуктарын коргоо, коопсуздугун камсыздоо, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын, ошондой эле ата-энесинен кароосуз калган балдардын мүлккө болгон укугун коргоо болуп саналат, ошондой эле өспүрүмдөрдүн укуктарын жана таламдарын коргоого багытталган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө, баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принциби колдонулат.    

Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн кызыкчылыктарын коргоо багытында 2025-жыл аралыгында жалпы 109 текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган мыйзам бузуучулуктар боюнча 113 прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 120 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Мисалга алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында балдардын мүлк укуктарын сактоо жана аларды коргоого багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен мыйзам бузуучулуктарды четтетүү жана ченемдик укуктук актылардын бузулушуна жол беришкен жооптуу кызматкерлерди  тартиптик жазага тартуу боюнча прокурордук чаралар көрүлгөн.

Мындан тышкары, жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана аны алдын алуу багытында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын райондук жашы жете электер менен иштөө инспекцияларынын башчылары, Билим берүү Департаментинин кызматкерлеринин катышуусунда системалык түрдө жыйындар өткөрүлүүдө, анда балдар кылмыштуулугунун өсүшүнүн себептерин жана көрүлүп жаткан чаралардын эффективдүүлүгүнүн, жаш өспүрүмдөрдү сот тутумунан чыгаргандан кийин көрүлүүчү социалдык иш-чараларды, ошондой эле жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун өсүшүнө жол бербөө боюнча алдын ала иш чаралары уюштурулууда.

Өзгөчө токтолуучу жагдай, жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш чаралар, бүгүнкү күндүн талаптарына тийиштүү деӊгээлде дал келбегендигин, башкача айтканда орчундуу көйгөйлөрүнүн бири болуп саналган коомдогу өспүрүмдөрдүн жүрүм туруму, ой жүгүртүүсү, ден-соолугуна зыян келтирүүчү заттардын колдонулушу, социалдык тармактарга негативдүү көрүнүштөрдү жүктөө жана башка көптөгөн көйгөлөрүн алдын алуусуна багытталган.

Ошондой эле, системалык түрдө “Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу” тематикасында, Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн интерактивдик лекциялар өткөрүлүүдө. Анда, окуучуларга прокуратура органдары жарандардын  укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо мыйзамдын үстөмдүгүн, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарынын корголушун жана сакталышын көзөмөлдөөсү тууралуу кабар берилүүдө. Жаш өспүрүмдөргө келечек кесиптин ээси болууда, укук коргоо кызматтарынын багыттарын тандоодо, жаш кезекте билбестик менен жасалган ар кандай терс көрүнүштөр өз кесепетин тийгизээрин белгилеп, окуучуларды окууга дыкат көӊүл коюп, ата-энелерине, эже-агайларына болгон мамилени жакшыртуу тууралуу маектешүүлөр өткөрүлүүдө.                  

Тектеш кабарлар

Back to top button