Окуялар

Бишкекте мушташка катышкан кыздар кармалды

Бишкекте мушташка катышкан кыздар кармалды, алардын ата-энелерине балдарды кароосуз калтырган деген айып тагылды. Бул тууралуу Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, кызматкерлер бардык катышуучуларды аныкташкан. Алар 2007 жана 2005-жылдары туулган жарандар, ошондой эле 2009-жылы туулган курактык балдар болгон. Бардыгы өз ата-энелери менен райондогу башкармалыкка жеткирилген.

2007-жылы туулган кызга Кодекстин 126-беренеси “майда бейбаштык” боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жашы жете элек эки баланын ата-энеси 102-берене “Ата-энелик милдеттерди аткарууданкачуу” боюнча жоопко тартылды.

Азыркы учурда окуя боюнча териштирүү улантылып жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button