Коом

Гүлзат Исаматова илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Исаматова Гүлзат Тыныбековна илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эми министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Исаматова 42 жашта, 10 жыл бою Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институтун жетектеп келген.

Эске салсак, буга чейин министр Бактияр Орозов 15-декабрда кызматтан бошотулган.

Тектеш кабарлар

Back to top button