Коом
Өлкөдө алгачкы жолу заманбап конгресс холл курулууда

Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда жалпы аянты 39 миң чарчы метрди түзгөн ири конгресс холлдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул маанилүү долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жеке көзөмөлүндө ишке ашууда.
Конгресс холлдун өзгөчөлүктөрү:
- 2 кабаттуу имарат жертөлөсү менен;
- 1238 орундуу чоң конференция залы;
- 1000 орундуу банкет залы;
- бир нече чоң жана кичи жыйын залдары;
- 5 эки тараптуу жолугушуулар залы;
- заманбап пресс-борбор;
- 300гө жакын жабык жана ачык унаа токтотуучу жай.
Мындан тышкары, конгресс холлдун жанында бардык шарттары менен 8 конок үйү болот.
«Учурда курулуш иштери тынымсыз уланууда. Долбоор ушул жылдын жай айларында пайдаланууга берилери күтүлүүдө», — деп белгилешти президенттин Иш башкармалыгынан.



