“Учкун” улуттук валютанын бардык номиналдарын этап-этабы менен чыгара баштайт

«Учкун» ААК Кыргызстандагы улуттук валютанын банкнотторун чыгарууну этап-этабы менен көбөйтөт: алгач 20 сом, андан кийин 50, 100 жана 200 сомдук купюралар басылып чыгат. Бардык номиналдарды толугу менен өлкө ичинде өндүрүүгө өтүү республикага чет өлкөлөргө заказ берүүдөн баш тартууга жана чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Компаниянын башкы директору Бактыбек Султанов пресс-конференция учурунда банкнотторду басып чыгаруу иши буга чейин эле башталганын эске салды.
«Биз жабдууларды сатып алдык жана номиналдарды акырындык менен көбөйтөбүз. Мурда купюраларды чет өлкөдө бастырыш үчүн көп каражат төлөчүбүз. Эми аны өзүбүз жасай алабыз», — деди ал.
Эске салсак, «Учкун» ААК буга чейин жалпы жарандык паспортторду, ID-карталарды, айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка мамлекеттик документтерди чыгарууну жолго койгон. Жаңы банкнотторду өндүрүү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө. Ал республика валюта чыгаруу стандарттарына шайкеш эл аралык сертификат алганын белгилеген.
«Бул сертификаттын аркасында биздин продукциянын коргоо деңгээли эң жогорку баскычта. Мындай банкнотторду же документтерди жасалмалоо мүмкүн эмес», — деп баса белгилеген мамлекет башчысы.
Бактыбек Султановдун айтымында, пластик ID-картанын өздүк наркы 3 еврону түзөт. Бул сумма картадын өзүнүн баасын гана камтыйт. Андан кийин «Учкун» ишканасы өзүнүн кошумча наркын кошот, ошондой эле «Кызмат» компаниясынын жана карта даярдоо менен берүү процессине катышкан башка мекемелердин кызматтары да эске алынат. Натыйжада жарандар үчүн учурдагы акыркы баа түзүлөт.



