Коом

«Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, Кытай тараптын демилгеси менен «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.

Маалыматка ылайык, бул чектөөлөр Кытайдагы «Цинмин» — маркумдарды эскерүү күнү майрамына байланыштуу киргизилүүдө. Өткөрүү пункттары 4-апрель саат 20:00дөн тартып жабылып, жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү 6-апрелден кайра жандантылат.

Чек ара кызматы жарандарды жана жүк ташуучуларды сапарларын алдын ала пландаштырууда ушул өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button