Саясат

УКМК: Кара-Балта тигүү цехинин мурдагы имараты мамлекеттин балансына кайтарылды

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кара-Балта шаары Гвардейская көчөсү 18 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 12 400 чарчы метр болгон мурдагы Кара-Балта тигүү цехинин имараты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин, 1992-жылы «И.Р.И.» аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы тигүү цехинин директору болуп турган кезде, Кыргыз Республикасынын социалдык объектилерди менчиктештирүүгө тыюу салуу боюнча мыйзамдарынын талаптарын кыйгап өтүп, бул объектини өзүнүн жакын тууганынын атына менчиктештирип алганы аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган тигүү цехинин ээси мүлккө ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын мойнуна алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди аныктоого жана мамлекеттик баланска кайтарууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button