Коом

Мас абалында унаа башкарган 560 айдоочу кармалды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККБ) Бишкек – Ош жана Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолдорунда масштабдуу профилактикалык иш-чараларды өткөрдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочулар тарабынан ылдамдыкты олуттуу ашыруу фактылары катталган. Маселен, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Бообек айылындагы тилкесинде айдоочулар белгиленген убакыттан алда канча эрте өтүп жатышканы аныкталды:

Бир жумалык рейддин жыйынтыгы:

Жалпысынан 28 255 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:

  • 3 159 — тиешелүү документтери жок унаа башкаруу;
  • 3 105 — белгиленген ылдамдыкты ашыруу;
  • 2 266 — жөө жүргүнчүлөр тарабынан жасалган эреже бузуулар;
  • 560 — мас абалында автоунаа башкаруу;
  • 185 — терезелерди мыйзамсыз караңгылатуу (тонировка);
  • 10 804 — башка түркүн эреже бузуулар.

Рейддин алкагында 4 320 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короосуна токтотулду.

ЖКККБ жетекчилиги мындай катаал текшерүүлөр жол кырсыктарын алдын алуу максатында мындан ары да туруктуу негизде жүргүзүлөрүн билдирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button