Коом

Бишкек — Кант — Токмок автоунаа жолун кеңейтүү иштери уланууда

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Азыркы учурда жол тилкесинде асфальтобетон төшөөнүн биринчи катмары төшөлдү. Муну менен катар электр жана байланыш линияларын көчүрүү, электр берүү линиялары үчүн тирөөчтөрдү жана тосмолорду орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары тротуарлар, суу өткөрүүчү түтүктөр жана арык системалары курулууда. Ошондой эле Чоң Чүй каналы аркылуу өткөн көпүрө реконструкцияланууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, узундугу 3,85 чакырым болгон бул тилкени үстүбүздөгү жылдын август айында толук бүтүрүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button