Коом

10-апрелге карата аба ырайы

Жума күнү Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын региондорунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө +17…+22,

Талас жергесинде +12…+17,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18…+23,

Ысык-Көлдө +13…+18,

Нарын өрөөнүндө +11…+16 градус жылуу болот.

Бишкекте +19…+21, Ошто +21…+23 градуска жетет.

Тектеш кабарлар

Back to top button