Коом

Айбек Джунушалиев учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев эки жолу Кыргыз Республикасынын Баатыры, Россия Федерациясынын Баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын башчысы космонавттын жетишкендиктерине өзгөчө сыймыктанарын белгилеп, анын бул тармактын өнүгүшүнө кошкон чоң салымын баса белгиледи.

Эмгегин баалоо иретинде Айбек Джунушалиев Салижан Шариповго Бишкек мэриясынын атынан эстелик белек — атайын баалуу кол саатын тапшырды.

Салижан Шарипов алгачкы учушун 1998-жылдын 23–31-январь күндөрү «Индевор» космостук кемесинде STS-89 программасынын алкагында учуу адиси катары аткарган. Экинчи учушу 2004-жылдын 14-октябрынан 2005-жылдын 25-апрелине чейин болуп, анда ал Эл аралык космостук станцияда борт-инженер жана «Союз ТМА-5» кемесинин командири болгон, ал эми аны менен кошо Лерой Чиао да учкан.
Бул миссиянын жүрүшүндө ал жалпы узактыгы дээрлик 10 саатка созулган эки жолу ачык космоско чыккан. Жалпы эсеп менен Салижан Шарипов космосто 201 күн болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button