Дүйнө

Дональд Трампка бадалга жашынган киллер кол салды

Саясатчы учурда коопсуз жайда экенин штабы билдирди.

Укук коргоо органдары кылмышка шектүү киши Трамптан 270-450 метр алыстыкта, гольф клубдун жанындагы бадалдардын арасына жашынганын маалымдады. Атайын кызмат аны байкап калып, ок чыгарган. Шектүү буюмдарын таштай качканы менен көп өтпөй колго түшкөн. 

Окуя болгон жерден Калашников автоматы, эки рюкзак жана GoPro камерасы табылды. ФБР тергөөгө кошулуп, америкалык бийлик бул окуяны Трампка кол салуу аракети катары баалап жатат.

Ал эми Жо Байден тийиштүү органдарга Трамптын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылуу үчүн болгон күчүн жумшоону тапшырганын билдирди. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button