Коом

Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турнири уланууда

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 14-декабрда, Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турнири уланууда.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, парламенттин, сот, укук коргоо органдарынын, элчиликтердин, массалык маалымат каражаттарынын, бизнестин, маданияттын, спорттун, дин кызматкерлеринин жана башка тармактардын өкүлдөрү кирген 16 команда ат салышууда.

Бүгүн тайпалык оюндар өтүүдө, эртең чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттештер орун алат.

Иш-чара Кыргызстандын футбол союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button