Маданият

Бишкекте “Keshte” этно брендинин мода көргөзмөсү өтөт

Бишкекте бүгүн  “Keshte” брендинин “Жан дүйнө жана жаратылыш” аталышындагы мода көргөзмөсү өтөт.

Иш-чара 2026-жылдын 11-апрелинде Luna Garden ресторанында уюштурулат.

Keshte — кыргыз улуттук кийимин терең изилдөөгө негизделген жана аны заманбап мода ритмине ийгиликтүү ылайыкташтырган этно-бренд болуп эсептелинет. Бренд Милан, Берлин жана Кытайдагы эл аралык мода көрсөтүүлөрүнүн жана жумалыктарынын катышуучусу. Keshte коллекциялары Чыгыш менен Батыштын эстетикасын айкалыштырган эл аралык подиумдарда сунушталып келет.

“Жан дүйнө жана жаратылыш” — Keshte брендинин концептуалдык мода көрсөтүүсү. Ал Кыргызстандын табигый кубулуштарынан: суу, тоо, булут, таш, жер жана гүлдөрдөн шыктынуудан жаратылган. Бул топтом жаратылыш, адам жана үй-бүлө ортосундагы байланышты бирдиктүү, тирүү цикл катары ачып берет.

Иш-чаранын негизинде Keshte брендинин негиздөөчүсү, арт директору жана башкы дизайнери Назгүл Каарованын эмгегине таандык атайын төрт тематикалык бөлүктөн турган заманбап таариздеги этно кийимдер топтому тартууланат:

Алгачкы топтом “Теңиз жүрөк” деп аталып, анда агым, кыймыл жана жарыктык сыяктуу түшүнүктөр чагылдырылган. Кийинки бөлүк “Тоо үнү” күчтү, туруктуулукту жана кайраттуулукту айгинелейт. Үчүнчү топтом “Гүл бакча” ачылууну, сулуулукту жана назиктикти символдоштурса, соңку “Жер деми” топтому жылуулукту, башталышты жана уңгулукту билдирет. Көргөзмө Кыргызстандын табиятынын күчүн жана адамдык жан дүйнөнүн сулуулугун чагылдыруу максатында даярдалган.

“Бренддин башкы максаттарынын бири жөн гана кийим тигүү эмес, муундар ортосундагы аралыкты жакындатып, өткөндү азыркы учур менен айкалыштыруу”, — деп Назгүл Каарова белгиледи.

Иш-чарага жеке ишкерлер, маданият кызматкерлер, медиа жана коомдук пикир лидерлери чакырылган. Бул көргөзмө чыгармачылык, маданият жана мода тармагындагы өкүлдөр үчүн маанилүү жолугушуу аянтчасы болору күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Keshte брендинин 10 жылдыгына арналган ушул сындуу “Мезгилсиз шедеврлер” аталышындагы

мода көрсөтүү 2025-жылдын 25-февралында ийгиликтүү өткөрүлгөн. Көргөзмө маданий жаңылыкка айланып, коомчулуктун алкышына татыган.

Байланыш үчүн:

Телефон: +996 553 900 609

Instagram: keshte.kg

Email: [email protected]

Тектеш кабарлар

Back to top button