Коом
Кыргызстандын суу сактагычтарына сига балыгынын чабактары коё берилди

Кыргызстандын суу сактагычтарына 1 миллион 800 миң даана сига балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, балык кое берүү иштери «Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан быйылкы жылга карата балык запастарын жасалма көбөйтүү планынын негизинде жүргүзүлгөн.
Чабактар төмөнкү көлдөргө коё берилди:
Соң-Көл — 800 миң даана
Чоң-Ара-Көл — 500 миң даана
Кичи-Ара-Көл — 500 миң даана
Бул иш-чара балык запастарын көбөйтүү, биологиялык тең салмактуулукту сактоо жана балык чарбасын өнүктүрүү максатында өткөрүлгөнү белгиленди.



