Эмгек министрлиги кыргызстандыктарга 121 миллион рублдан ашык акчаны кайтарып алууга жардам берди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү кыргызстандыктарга 121 миллион рублден ашык айлык акыны кайтарып берүүгө жардам берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкүлчүлүктүн негизги милдеттери — Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграция маселелери боюнча мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле алардын РФ аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
2022-жылдын ноябрь айынан 2026-жылдын март айына чейин өкүлчүлүк негизги багыттар боюнча 1 643 кыргызстандыкка төлөнбөй калган эмгек акыларын өндүрүп берүүгө көмөктөшүп, жалпы суммасы 121 миллион 299 миң 200 рублди түзгөн. Ошондой эле өндүрүштө жаракат алып, ден соолугуна зыян келтирилген 27 жаранга иш берүүчүлөрдөн 27 миллион 772 миң рубль өлчөмүндө компенсация алууга жардам берген.
Жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында аталган мезгилде өкүлчүлүк Москва шаарындагы жана Москва облусундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (полиция бөлүмдөрү, соттор, прокуратура, миграция маселелери боюнча бөлүмдөр, Тергөө комитети ж.б.) 1 291 жолу барып, 3 711 жарандын кайрылуусу боюнча иштерди жүргүзгөн.
Мындан тышкары, 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын март айына чейин өкүлчүлүк жеке кабыл алуу жана телефон аркылуу 59 292 жаранга Россия Федерациясынын миграция мыйзамдары жана башка маселелер боюнча юридикалык кеңеш берип, укуктук коштоо көрсөткөн.



