Коом

Окумуштуулар Күндө катуу жарылуу болгонун айтышты

Орусия Илимдер академиясынын Физика институтунун рентген-күн астрономиясы лабораториясынын сайтындагы маалыматтарга караганда, 9-январдын кечинде Күндүн бетинде катуу жарылуу болгон.

Институт тарабынан берилген графикке ылайык жарылуунун очогу Москва убактысы боюнча 21:37де башталганын көрсөтүп турат. Саат 21:50дө туу чокусуна жетип, 21:57де толугу менен бүткөн. Бул бир күн ичиндеги он бешинчи жарылуу болгон. Жалпы 16 жарылуу катталган. 

Жарылуу жерде магниттик бороон-чапкындарды жаратып, натыйжада энергетикалык системалардын ишин үзгүлтүккө учуратып, канаттуулардын жана жаныбарлардын миграциялык жолдоруна таасирин тийгизиши мүмкүн. Жарылуу адамдарга зыян келтире албайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button