Коом

УКМК: Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча борбордун кызматкерлери кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КР Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун «Биримдик 24» бөлүмүнүн айрым кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз каттоо жүргүзүү фактысы аныкталды

КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун системасында Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорт каражаттарын каттоодо КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде каралган (Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу, өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган) кылмыш белгилери бар факт аныкталды.

Аныкталган кылмыштуу схемага ылайык, айрым жарандар КР Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун кызматкерлери Ш.А.А., М.Д.М. жана Ш.у.К. менен сүйлөшүп алып, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Россия Федерациясында каттоодон чыгарылбаган автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз түрдө катташкан.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иши боюнча КР Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун «Биримдик 24» бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерин жана бардык тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button