УКМК: Таласта Йакын-Инкар диний-экстремисттик уюмунан өкүлдөрү баш тартты

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, калкты диний-экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүнө тартууну болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Талас облусунун казыяты жана ИИБ өкүлдөрүн тартуу менен түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын уюштурду.

Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын тарапкерлери болгон Талас облусунун Айтматов районунун жана Талас шаарынын айрым тургундары радикалдуу идеологиядан баш тартышты.

Аталган жарандар өздөрү тандаган диний багыттын туура эместигин моюнга алышып, Кыргыз Республикасынын жарандарын салттуу исламдын нормаларын жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын талаптарын сактоого, ошондой эле коомдо туура эмес диний ишенимдерден улам бөлүнүп-жарылууга жол бербөөгө чакырышты.




