Нарындагы жаратылыш коругунда «кызыл китепке» кирген жаныбарлардын түрлөрү жашайт

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери «Wild Expeditions» уюмунун кызматкерлерине корукта экотуризимди өнүктүрүү үчүн жаңы багыт боюнча түзүлгөн маршрутту жана аткарылып жаткан иштерди көрсөтүп бирге иш алып барууну сунуштады.

Нарын мамлекеттик коругу — 1983-жылы түзүлгөн. Коруктун максаты, борбордук Тянь-Шанда кездешкен жаратылыш комплекстерин жана анда жашаган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн сейрек кездешкен түрлөрүн көбөйтүү.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагы бүгүнкү күндө 105519 га түзөт. Коруктун аймагында сүт эмүүчүлөрдүн- 26 түрү, канаттулардын- 104, балыктардын- 3, сойлоп жүрүүчүлөрдүн- 4, жерде-сууда жашоочулардын – 1 түрү кездешет. Курт-кумурскалар бүгүнкү күндө толук изилденип бүтө элек. Корукта «Кызыл китепке» кирген төмөнкү сүт эмүүчүлөр бар: илбирс, мадыл, сүлөөсүн, күрөн аюу, бугу, марал, кулжа, суусар.

Канаттуулардын төмөнкү түрлөрү кездешет: бүркүт, шумкар, көк жору, көкчулдук, кидик бүркүт, сары үкү, шахин, шумкар, мыкыйүкү, кадимки тартар тоок жана кумай. Корукта өсүмдүктөрдүн 600 ашыктүрү бар.



