Коом
Май майрамдарында калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштейт

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө борборлору май майрамдарында кадимки режимде иштей турганын мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, майрам жана дем алыш күндөрүн кошкондо борборлор күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Бул график калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүү максатында киргизилген.
Жарандарга сапарларды пландаштырууда белгиленген графикти эске алуу жана мүмкүн болушунча онлайн кызматтарды колдонуу сунушталат.



