Коом

1-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд куб метрди түздү

1-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард кубометрди түздү. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков депутаттык «Ишеним» тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын 1-январына карата бул көрсөткүч 9,14 миллиард кубометр болгон. Ал эми 2025-жылы өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 19 миллиард киловатт-сааттан ашкан.

«Өз күчүбүз менен болжол менен 15 миллиард киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Калган жетишпеген бөлүгү импорт аркылуу жабылууда», — деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, электр энергиясынын тартыштыгын жоюу үчүн иштер эки багытта жүргүзүлүүдө: күн жана шамал электр станциялары аркылуу кубаттуулукту көбөйтүү жана узак мөөнөттүү долбоорлорду, анын ичинде гидроэлектростанцияларды курууну ишке ашыруу.

Тектеш кабарлар

Back to top button